Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Ооган бийлиги «Талибан» менен туткун алмашууга даяр


Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Ооган президенти Ашраф Гани «Талибан» кыймылынын үч белдүү мүчөсүн, анын ичинде «Хаккани» түйүнүнүн лидеринин иниси Анас Хакканини Кабулдагы Америка университетинин эки профессору – австралиялык жана америкалык жарандарга алмашууга даяр экенин билдирди.

Ашраф Ганинин 12-ноябрда билдиргенине караганда, үч соттолуучу учурда Баграмдагы абакта кармалып турат.

Алар үч жыл мурда, 2016-жылдын августунда уурдалган, 68 жаштагы америкалык Кевин Кингге жана 48 жаштагы австралиялык Тимоти Викске алмаштырылат.

Анас Хакканиден тышкары, «Талибандын» дагы эки маанилүү мүчөсү саналган Хафиз Рашид Омари жана Ажы Милли Хан да бошотулат.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосуна маалымат берген булактын айтымында, алар АКШнын көзөмөлү менен Катарга жеткирилет.

Туткундарды алмашуу «Талибан» менен ооган өкмөтүнүн ортосунда тынчтык сүйлөшүүсүн баштоого өбөлгө болушу ыктымал. Согушкер топ ооган өкмөтү менен бетме-бет сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартып, аны «Американын тактекеси» деп атап келет.

«Хаккани» түйүнүнүн негиздөөчүсү Жалалуддин Хаккани 2018-жылы сентябрда көз жумган.

1980-жылдары Советтик аскерлер Ооганстанга киргенде Жалалуддин Хаккани Кошмо Штаттар менен кызматташкан. Ал эми 2012-жылы Вашингтон ал негиздеген топту «террористтик» деп тапкан.

XS
SM
MD
LG