Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы сот 12-ноябрда «Хизб ут-Тахрир» иши боюнча айыпталып жаткан алты адамды - Крым татарларын жети жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратты. Соттун өкүмүнө ылайык, Инвер Бекиров 18 жылга, Эмир-Усейн Куку менен Вадим Сирук 12 жылга, Арсен Жеппаров менен Рефат Алимов 7-8 жылга кесилди.
Айыпталгандар мындан үч жыл мурун Ялтада «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешеси бар деген шек менен кармалышкан. Алардын эч кимиси күнөөсүн мойнуна алган эмес. Камалганга чейин Эмир-Усейн Куку Крымдагы белгилүү укук коргоочу болгон.
2014-жылкы Крым аннексиясынан кийин «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү катары шек саналган кишилер, негизинен Крым татарлары куугунтукка туш болуп келатышат. Орусияда ал уюм террордук деп таанылып, ишмердигине тыюу салынган.
«Amnesty International» укук коргоо уюмунун өкүлү соттун чечимин «саясий куугунтук» деп атады.