Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Түркияда бекер дарыланган кыргыз жарандарынын квотасы көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Түркиянын «Расмий» гезити маалымат таратты. Анда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 11-ноябрда Кыргызстандан Түркияга акысыз дарыланууга келген бейтаптардын квотасын 50 бейтапка көбөйткөн келишимге кол койгону жазылган. Бул келишимге ылайык дагы 50 бейтапты Түркиянын Бишкектеги элчилиги тандап жөнөтөт. Муну менен Түркияга акысыз дарыланганы барган кыргызстандык бейтаптардын саны 150 адамга чыкты.

Ошондой эле квота менен келген кыргызстандык бейтапка Түркиядагы тиешелүү оорукана «дарылоо мөөнөтү 90 күндөн узакка созулушу мүмкүн» деген тастыктама берсе, анда бейтап жана аны коштоп келген эки тууганы Түркияда туруктуу жашоо үчүн виза төлөмдөрүнөн бошотулат.

Негизинен кыргызстандыктар Түркияга квота аркылуу бөйрөк алмаштырууга, жүрөк операциясына жана ортопедиялык операцияларга барышат.

Эки өлкөнүн ортосундагы саламаттык сактоо боюнча келишимге ылайык, 2014-жылдан бери жыл сайын Кыргызстандан Түркияга мамлекеттик квота менен 100 бейтап барып дарыланчу. (ElB)

XS
SM
MD
LG