Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Финпол: Кыргызстан Беларусь менен кызматташмай болду


Кыргызстан менен Беларустун финансылык кылмыштарга каршы мекемелеринин сүйлөшүүсү.
Кыргызстан менен Беларустун финансылык кылмыштарга каршы мекемелеринин сүйлөшүүсү.

Кыргызстан экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүдө Беларусь менен кызматташат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискурдун айтымында, анын жетекчиси Бакир Таиров Минск шаарында беларустук кесиптештери менен кызматташтыкты талкуулады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Беларустун Мамлекеттик көзөмөл комитети менен экономикалык жана финансылык кылмыштарга каршы биргелешип күрөшүү тууралуу макулдашууга кол коюлду.

- Бул документ эки тараптуу кызматташтыктын укуктук базасын камсыз кылат. Маалымат алмашуу жакшырат, - деди Финансы полициясынын басма сөз катчысы.

Кыргызстанда Беларустун 50дөн ашуун ишканасы жана компаниясы бар. 2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 114 миллион долларды түзгөн.

Ал эми саясий мамиле 2010-жылы өзгөргөн. Ошол жылдын апрелиндеги кандуу окуялар үчүн сыртынан соттолгон мурдагы президент Курманбек Бакиев азыр Минск шаарында жашайт. Быйыл 7-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги беларус президенти Александр Лукашенко Бакиев менен жолугушканына, аны менен расмий ачык байланыштар уланып жатканына терең нааразылык билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG