Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Кабулда ИИМдин жанындагы жарылууда жети киши өлдү


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Ооганстандын борбору Кабул шаарында 13-ноябрда эртең менен көчөдө эл көп жүргөн маалда Ички ичтер министрлигинин имаратынын жанында машинеге коюлган бомба жарылды. ИИМдин басма сөз өкүлү Нусрат Рахими анда бери дегенде жети адам өлүп, дагы 13 киши жарадар болгонун кабарлады. Бул жардырууну ким уюштурганы белгисиз. Кабулда «Талибан» кыймылынын да, «Ислам мамлекети» террордук тобунун да жоочулары бар.

Мындан бир күн мурун ооган президенти Ашраф Гани «Талибан» кыймылынын үч белдүү мүчөсүн, анын ичинде «Хаккани» түйүнүнүн лидеринин иниси Анас Хакканини Кабулдагы Америка университетинин эки профессору – австралиялык жана америкалык жарандарга алмашууга даяр экенин билдирген.

Алар үч жыл мурда, 2016-жылдын августунда уурдалган, 68 жаштагы америкалык Кевин Кингге жана 48 жаштагы австралиялык Тимоти Викске алмаштырылат.

Анас Хакканиден тышкары, «Талибандын» дагы эки маанилүү мүчөсү болуп саналган Хафиз Рашид Омари жана Ажы Милли Хан да бошотулат.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосуна маалымат берген кишинин айтымында, алар АКШнын көзөмөлү менен Катарга жеткирилет.

Туткундарды алмашуу «Талибан» менен ооган өкмөтүнүн ортосунда тынчтык сүйлөшүүсүн баштоого өбөлгө түзүшү ыктымал. Согушкер топ ооган өкмөтү менен бетме-бет сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартып, аны «Американын тактекеси» деп атап келет.

XS
SM
MD
LG