Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 12-ноябрда иш сапар менен Вашингтонго келди. Ал Ак үйдө Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трампка жолугат.
Бул кездешүү НАТОдогу өнөктөш эки өлкөнүн алака-катышы Анкаранын Сириядагы жортуулунан жана Орусиядан курал-жарак сатып алып жатканынан улам чыңалып турган маалга туш келди.
Түркия менен анын өнөктөштөрү Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулду 9-октябрда баштаган. Анкара анын аскердик операцияларынын башкы максаты чек арасына чектеш аймакта «коопсуз аймак түзүү», ал жерди өзүн террордук топко теңеген күрд кошуундарынан арылтуу экенин билдирген.
17-октябрда Вашингтондун ортомчулугу менен Түркия Сириянын түндүгүндөгү аскердик операциясын беш күнгө токтото турууга макул болгон.
Эрдоган орус лидери Владимир Путин менен 22-октябрда Сочи шаарында кездешкенде Анкаранын Сириядагы операциясына байланыштуу меморандумга кол коюшкан. Анда ок атууну 150 саатка убактылуу токтотуу, бул убакыт аралыгында күрд кошуундары Сириядагы Түркия «коопсуз аймак» деп белгилеген жерден чыгып кетиши керек экендиги жазылган.
Эрдоган акыркы ирет Вашингтонго 2017-жылы май айында келген. Анын ошондогу сапары Түркиянын элчилигинин алдына митингге чыккан күрд жана армян демонстранттары менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын тарапташтары кагылышканы аркылуу эсте калган. Бул мушташка Эрдогандын жансакчылары да катышканы айтылган.