Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Тогуз айда уюшкан кылмыштуу топтордун 130 мүчөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ички иштер органдары тогуз айда уюшкан кылмыштуу топтордун 130 мүчөсүн кармады. Алардын 13ү буга чейин издөөдө жүргөн. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 13-ноябрда парламентте маалымат берип жатып билдирди. Министр белгилегендей, тогуз айда 13 200дөн ашуун кылмыш жана жорук катталган. Былтыркыга караганда 37 миңдей кылмыш көп. Алардын ичинен миңден ашууну оор жана өтө оор кылмыштарга кирет.

Парламенттин 13-ноябрдагы жыйынында кылмыштуулук, коопсуздук маселелери боюнча өкмөттүн маалыматын угуу маселесин бир катар депутаттар көтөрүп, өкмөттүк күн өткөрүүнү сунуш кылышты. Эл өкүлү Кенжебек Бокоев кылмыштуулукка каршы күрөш багытында мыйзам кабыл алынганын белгилеп: «Күрөш токтодубу, көмүлдүбү?» деп суроо узатты.

Буга чейин депутат Жанарбек Акаев өлкөдө криминал таасирин чыңдап жатканын айтып, бул багыттагы чабал иши үчүн өкмөттүн ишин сынга алган.

Бишкекте кыска убакыттын ичинде адам өмүрүн алган кылмыштар катталды. «Мадина» базарында соода кылган Абдурахеман Хуфур аттуу ишкер киши колдуу болгон. Бул кылмыш үчүн сегиз адам кармалып, алар ишкердин автоунаасына ээлик кылыш үчүн ушул кылмышка барганы айтылган. Андан кийин «Манас» аэропортунун жанында турган автоунаанын багажынан киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылган. Ал адамдын жанынан ири суммадагы акчасы каракталганы да айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG