Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 21:12

Боливияда сенатор Аньес өзүн убактылуу президент деп жарыялады


Сенатор Жанин Аньес.

Боливияда парламенттин жогорку палатасынын вице-спикери, оппозиция лидери Жанин Аньес өзүн өлкөнүн убактылуу президенти деп жарыялады.

«Reuters» маалымат агенттиги билдиргендей, парламентте бул жагдай каралып жатканда кворум болгон жок, ага кызматтан кеткенин жарыялаган президент Эво Моралестин «Социализмди көздөй кыймыл» партиясынын депутаттары катышпай койду.

Мунун алдында Конституциялык сот өлкөдө бийлик президент кызматтан баш тарта тургандыгына байланыштуу алмашып жатканын, ошондуктан Сенаттын макулдугу зарыл эмес экенин билдирген. Муну менен сот өлкө башчынын ыйгарым укуктары Жанин Аньеске өткөнүн бышыктаган.

Мексикадан саясий башпаанек алган Ево Моралес «Твиттердеги» баракчасына оппозиция лидерин «өзүн өзү президент деп жарыялап алды» деп айыптады.

Борбор калаа Ла-Паседе Жанин Аньес менен Ево Моралестин тарапкерлери кагылышты.

Бул өлкөдө массалык нааразылык акциялары 20-октябрда өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган. Ал шайлоодо Эво Моралес төртүнчү жолу өлкө башчылыгына шайланганы жарыяланган. Анда Моралес 47 пайыз, ал эми анын негизги атаандашы, оппозициячыл саясатчы Карлос Меса 36 пайыз алганы кабарланган.

Меса шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, ошондон кийин анын тарапкерлери көчөгө чыгышкан.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG