Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 6-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 08:22

Абылгазиев: Өлкө экономикасы 5,1% өстү


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын экономикасы Кумтөр кенин кошпогондо 2018-жылы 103,5% түздү же мурдагы жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда парламент жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, бюджеттин кирешеси 135,5 млрд. сомду, чыгашасы 141,9 млрд. сомду түзгөн.

- 2018-жылы бюджеттин дефицити 1,2% түздү. Бул абдан жакшы көрсөткүч болду. Жалпысынан тартыштык 6,46 млрд. сом болуп, 2017-жылга салыштырганда 10,9 млрд. сомго же үч эсе азайган. 2017-жылы дефицит 17 млрд. 377 млн. сом болгон, - деди ал.

Учурда Жогорку Кеңеш 2018-жылы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча өкмөттүн отчётун угуп жатат. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (12)

XS
SM
MD
LG