Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:57

2020-жылдан тартып айрым өлкөлөргө виза алуу тартиби өзгөрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германиянын Кыргызстандагы элчилиги жаңы жылдан тартып Испаниянын, Италиянын жана Австриянын виза маселелери боюнча өкүлчүлүгү катары ишмердүүлүгүн токтоторун жарыялады. Элчиликтин маалыматына караганда, бул жобо бардык сапарларга жана паспорттун бардык түрүнө (дипломатиялык дагы) тиешелүү. Аталган өлкөлөргө виза алыш үчүн кыргызстандыктар Казакстандын Нур-Султан шаарындагы виза борборлоруна же элчилигине кайрылышы керек болот. Ал эми 31-декабрга чейин берилген арыздар Бишкекте каралат.

Ошол эле учурда Германиянын Бишкектеги элчилиги өкүлчүлүк катары Белгия, Греция, Люксембург, Нидерланд, Норвегия, Португалия жана Швеция өлкөлөрүнө виза берүү иштерин уланта берет.

XS
SM
MD
LG