Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Дүйшөмбү шаарында үйүндө мал баккандарга каршы рейд башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын борбор шаары Дүйшөмбүдө жана ага караштуу конуштарда мал баккандарга каршы рейд жүрүп жатат. Мунун алдында шаардын мэри, президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомали жыйын өткөрүп, калаадагы үйүндө төрт түлүк кармагандарга көзөмөлдү күчөтүүнү, мындай көрүнүштү тыюуну талап кылган.

Жыйында шаарга кийинчерээк кошулган райондордо, маалелерде мал багып жаткандар бар экени айтылды.

Шаардын макамы тууралуу 2009-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык, дүйшөмбүлүктөр үйлөрүндө ит, мышык жана сайраган куштарды гана кармай алышат. Ал эми жобону бузган жарандарга 110-170, юридикалык тараптарга 1,7-2,2 миң доллар өлчөмүндөгү айып пул салынат.

XS
SM
MD
LG