Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

ЖЭБ иши: Бримкулов жактоочусунун гана суроолоруна жооп берди


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук иште шек саналып жаткан ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов да жактоочусунун гана суроолоруна жооп берип, мындан ары көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Муну ал ден соолугуна байланыштырды.

- Ден соолугума байланыштуу суроолорго жооп бербей эле койсом болобу? Мен сотто бардык жагдайларды айтып бердим. Мага коюлуп жаткан айыптарга жооп бердим деп ойлойм, - деди Бримкулов.

Мунун алдында «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров адвокатынын өтүнүчү менен өзүнүн гана жактоочусунун суроолоруна жооп берип, андан башка айыпталуучулардын адвокаттарынын, прокурорлордун жана судьянын суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан. Сотко төрагалык кылуучу Инара Гилязетдинова көрсөтмө берүүдөн баш тартуу алардын укугу экенин түшүндүрдү.

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБ ишине байланыштуу соттук жараян өтүп жатат. Учурда мурдагы финансы министри Ольга Лаврова көрсөтмө берүүдө.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган.

Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып коюлган. Буга чейин сотто мурдагы премьер-министрлер суралган. Учурда Темирлан Бримкулов көрсөтмө берип жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG