Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:02

Грета Тунберг АКШдан Испанияга катамаранда жол тартат


Грета Тунберг.
Грета Тунберг.

Швециялык 16 жаштагы активист Грета Тунберг АКШдан Испанияга Атлантика океаны аркылуу катамаран менен барат. Климаттын өзгөрүшүнө жол бербөөгө чакырган активист абаны булгайт деген жүйө менен учак аркылуу саякаттагандан караманча баш тартып келет. Ал түшө турган катамарандын мотору күндөн энергия алган батарейка жана гидрогенератордун жардамы менен иштейт. Атлантикадан мындай кайык менен өтүү эки жумадан төрт жумага чейин созулушу мүмкүн.

Грета Тунберг быйыл август айында Британиядан АКШга куду ушундай жол менен келген жана океандагы ал сапары 15 күнгө созулган. Анда активист Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйынына катышып, дүйнө лидерлерин жетиштүү чара көрбөй жатканы үчүн уяткарган болчу. Ал «Fridays for Future» же «Жума күндөрүн келечекке арнайлы» аттуу кыймылды жетектейт жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы теңтуштарын экологияны сактоого чакырып келет. Буга чейин ал Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алат дегендердин арасында аты аталган. «Amnesty International» укук коргоо уюму өспүрүм кызга «Абийир элчиси» наамын ыйгарган.

Дүйнөлүк басма сөз Тунбергге 2018-жылы көңүл бура баштаган. Анда өспүрүм кыз жума күндөрү сабакка барбай, Швециянын бийлигинен экологиялык маселелерге көңүл бурууну талап кылууга өткөн эле. «Мектептеги иш таштоо» деген атка конгон мындай акциялар Швецияда гана эмес, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынан да колдоо таап кеткен.

«Fridays for Future» кыймылына кошулган өспүрүмдөр - климаттын өзгөрүшү мектептеги сабактардан да маанилүүрөөк деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG