Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Кыргызстанда «Балдар тууралуу искусство» көргөзмөсү ачылды


Бүгүн Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде ЮНИСЕФ менен бирге уюштурулган, балдардын укуктарына арналган атайын көргөзмө ачылды.

Бул көргөзмө Балдар укуктары тууралуу конвенциянын (БУК) 30 жылдыгына жана Кыргызстандын бул документке кошулганынын 25 жылдыгына карата ачылды.

Ага музейдин коллекциясындагы белгилүү сүрөтчүлөрдүн 90дон ашык эмгеги коюлду. Көргөзмө үчүн балдардын образы берилген жана балдардын конвенцияда белгиленген укуктарына байланышы бар картиналар тандалып алынды.

Искусство чыгармаларына 1930-жылдан баштап азыркы учурга чейин тартылган картиналар, скульптуралар жана графикалар кирет. Көргөзмөгө парламенттин архивинен алынган документтер да коюлду.

Көргөзмө 2019-жылдын 1-декабрына чейин күн сайын ачык болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG