Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 6-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 05:06

Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка кезектеги сынак жарыяланды


Уланбек Эгизбаев.

Журналисттик иликтөөлөр фонду Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкка кезектеги сынагын жарыялады.

Сынактын максаты - Кыргызстанда иликтөө журналистика жанрынын өнүгүшүнө, коррупциялык схемалар менен мыйзам бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга жана андай аракеттерге бөгөт коюу фактыларын чагылдырууга багытталган демилгелерди колдоо.

Иликтөө жүргүзгөн медиа тармагындагы журналисттер, уюмдар, жарандык активисттер, блогерлер, студенттер жана башка кызыкчылыгы бар тараптар сынакка 2019-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин жарыяланган материалдары менен катыша алышат.

Негизги талаптар – материалдын актуалдуулугу, журналисттик иликтөө темасынын масштабы, иликтөөнүн конкреттүү жагдайдын жакшырышына тийгизген таасири, кесиптик деңгээл жана атуулдук кадыр-барк.

Сыйлык фонду 100 миң сом.

Сынакка катышуу үчүн сунуштаманы толтуруп, аны jif@jif.kg электрондук дарекке жөнөтүү зарыл.

Кабыл алуунун акыркы күнү 2020-жылдын 15-январы.

«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин элесине арналган Журналисттик иликтөөлөр фонду 2018-жылы 14-сентябрда ишке киришкен.

Иликтөөчү журналисттерге ыйгарылчу сыйлык жыл сайын Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда тапшырылат.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө көз жумган. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG