Пакистанда нааразылык акциясына чыккандар баш калаанын негизги көчөсүн бошотуп, өлкөнүн аймактарында жолдорду буумай болушту.
Өкмөткө каршы демонстрацияга чыккандардын башчысы, исламчыл партиянын лидери Маулана Фазлур Рехман чогулгандарга кайрылып: «Ар бириңер өзүңөр жашаган жерге барып, жолдорду тоскула!» деп буйрук берди.
Өткөн айда Карачи шаарынан башталган нааразылык акциялары борбор калаа Исламабадга чейин жеткен.
Түмөндөгөн адам 31-октябрда көчөгө чыгып, премьер-министр Имран Хандын кетишин жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылган.
Нааразылыктын айынан Пакистанды Ооганстан менен байланыштыруучу Кветта-Чаман автожолу жабылып, оор жүк ташуучу автомашиналардын тыгыны пайда болгон.
Оппозициянын пикиринде, азыркы өкмөт бурмаланган шайлоонун негизинде бийликке келгендиктен мыйзамсыз болуп эсептелет.
Өкмөт болсо өзүнө карата дооматтарды четке кагууда. (RK)