АКШ Конгрессинде президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси боюнча коомдук талкуу башталды.
Демократтар америкалыктарга республикачыл Трамп шайлоо жараянына Украинаны аралаштырууга аракет кылганын далилдеп берүүнү көздөп жатышат.
Республикачылар импичмент аракетин бюрократтардын кутуму деп баалашууда.
Коомдук талкууга катышкан АКШнын Украинадагы элчиси Билл Тейлор импичмент боюнча демилгедеги маанилүү бурулушка алып келчү билдирүү жасады.
Ал Трампты Украинага байланыштуу кайсы бир маселеге караганда Байдендерге каршы иликтөө көбүрөөк кызыктырарын айтты.
Тейлор өзүнүн жардамчысы Трамптын АКШнын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондланд менен телефондук сүйлөшүүлөрүнүн бирине күбө болгонун билдирди:
- Президент Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин менин штабымдын мүчөсү элчи Сондланддан Трамптын Украина боюнча оюу кандай экенин сураган. Сондланд Трампты Байденге байланыштуу иликтөө көбүрөөк кызыктырарын айтып жооп берген.
АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам чыккан. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырганы тууралуу маалымат берген. Жо Байден 2020-жылдагы шайлоодо демократтардын атынан Трампка атаандаш болору айтылып келет. (RK)