Кыргызстан Орусия менен түзгөн Өнүктүрүү фонду сыяктуу бирикмелерди Кытай жана Индия мамлекеттери менен да түзүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 12-ноябрда Жогорку Кеңеште былтыркы жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда каралып жатканда билдирди.
Премьер-министрдин айтымында, мындай фонддордун каражатын жаштардын ишкерлик демилгелерин колдоого жумшоо планы бар.
- Орус-кыргыз фонду, мамлекеттик банктар сыяктуу каражаттарды көбөйтүшүбүз керек, - деди ал. - Орус-кыргыз фондуна окшогон биздин ишкерлерди каржылоо механизмдери тууралуу Индия менен, Кытай менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Фонддордукун көбүнчө жаштардын ишкердигин колдоо, стартаптар боюнча кийинки жылы 2 миллиард сомдун башы чыгып жатат.
Орус-кыргыз өнүгүү фонду 2014-жылы түзүлгөн. Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигинин шарттарына ылайыкташуусуна көмөк көрсөтүү максатында орус өкмөтү бөлгөн 500 миллион доллардан кыргызстандык ишкерлерге насыя берилүүдө. (RK)