2019-жылдын тогуз айында экспорт 1,3 млрд. долларды түздү. Бул өткөн жылдын деңгээлинен 11,7% көп. Ошол эле маалда импорт 7,3 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте сүйлөп жатып билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, соода балансынын тартыштыгы 15,8% азайган. Буга ички өндүрүштүн өсүшү, ата мекендик өндүрүмдүн экспортунун көбөйүшү себеп болгон.
Абылгазиев белгилегендей, өкмөт ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, импорттун көлөмүн азайтуу, экспортко багытталган товарларды колдоого артыкчылык берүүдө.
2019-жылы текстил импорту 21,5% түзүп же 3 млн. долларга кемиген, экспорт 37,4% же 354 миң долларга арбыган. Ата мекендик өндүрүш 30,1% көбөйдү. Цемент импорту 4,6% түзүп же 502 миң долларга азайган, экспорт 41,4% же 7,2 млн. долларга көбөйгөн. Өндүрүш 8,3 % көбөйдү. Ошол эле кезде териден жасалган буюмдардын импорту 2,6 эсеге же 31,2 млн. долларга кемип, экспорт 3,3 млн. долларга арбыган.
Учурда Жогорку Кеңеш «Кыргызстандын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карап жатат. (КЕ)