Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:43

Быйыл алты айда 394 млн. доллар инвестиция тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл алты айдын ичинде 394 млн. доллар инвестиция тартылды. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда дээрлик 60% көп. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте өлкөнүн бюджети тууралуу талкуу учурунда билдирди. Анын айтымында, ушул жылдын тогуз айында негизги капиталга 90 млрд. сом инвестиция тартылган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 6,3 пайызга көп болду.

- Эгерде 2017-жылы ИДӨгө карата тышкы карыздын көлөмү 54% болсо, 2018-жылы 48% болгон. Ал эми 2019-жылы – 46,5%га чейин жеткирилет. Демек ички резервдерди натыйжалуу пайдаланып, ашыкча чыгашаларды кыскартып, тапкан каражат менен жашоого үйрөнүшүбүз керек деген өкмөттүн позициясы туруктуу.

Өкмөт башчы бюджеттин киреше бөлүгү 155,3 млрд сомдун тегерегинде болжолдонуп жатканын белгиледи. Чыгашалар 165,3 млрд. сомдун тегерегинде. (КЕ)

XS
SM
MD
LG