Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Абылгазиев ири улуттук долбоорлордун жагдайын түшүндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев өлкө бюджети талкууланып жаткан учурда көп жылдан бери пландалып келаткан улуттук ири долбоорлордун келечегине кызыкты:

- Көп жылдан бери пландап жүргөн Жогорку Нарын каскады, Камбар-Ата 1, Кара-Кече-ЖЭБ долбоорлору боюнча айтып кетиңизчи. Мисалы тажиктер Рогун ГЭСин салып алды. Өзбектер атом электр станциясын салганы жатышат. Биздики эмне болуп жатат?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Жогорку Нарын ГЭСтер каскады» боюнча «РусГидродогу» чыр-чатак чечиле элек экенин, учурда инвесторлор келип жатканын билдирди:

- Бул иш азыр Гаага сотунда. «Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына» кетти деген 37 млн. долларды сот менен эмес, адистер менен бирге чыны менен ошончо каражат сарпталганбы, тактайлы деп жатабыз. Азыр бул боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. ЖЭБ салуу боюнча да инвесторлор келип жатат. Эки инвестор келген, бирок экология маселелери бар. Андан чыккан ысык сууну, күлдү кайда жиберебиз деген маселелер болууда... Камбар-Ата 1 боюнча да инвесторлор келип жатат, ал эми Кытайга өтүүчү газ кууру боюнча келишимдин өзүн кайра карап чыгалы деп жатабыз. Кытайга өз оюбузду айттык. Ал жерде куур гана өтөт, биз салыгын гана ала тургандай болуп калган. Башка мамлекеттерде курулушуна катышуу, чогуу ишке киргизүү маселелери бар экен.

2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата 1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирип, аны төлөп берүүнү талап кылып келе жатат. Ал эми кыргыз тарап бул суммадан күмөн санап, эл аралык аудит өткөрүүнү талап кылууда.

Орусиянын «РусГидро» компаниясы буга чейин Гаага сотунда «Жогорку Нарын ГЭСтер каскады» долбооруна байланыштуу анын арызын карай турган курам жана соттук иштин графиги аныкталганын расмий маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG