Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:02

Москвада тай боксу чемпиону Ашот Болянды атып кетишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Тергөө комититетинин басма сөз катчысы Юлия Иванованын 14-ноябрда «Интерфакс» агенттигине билдиргенине караганда, Ашот Болянды бир күн мурда Москванын түштүк-батыш аймагынан белгисиз адамдар атып кетишкен.

Аталган органдын маалыматында спортчуну көп кабаттуу үйдүн жанында өлтүрүп кеткен окуя боюнча тергөө иштери башталды. Спортчунун өлүгү өз машинесинен табылган.

Улуту армян, 40 жаштагы Ашот Болян тай боксу боюнча үч ирет дүйнө чемпиону болгон. Ал тай боксунан 2004-жылы кеткен жана ошондон бери Орусияда жашап келген.

XS
SM
MD
LG