Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Орусия Сириянын түндүгүндө тик учак базасын түзөт


Орусиянын «Ми-35» согуштук учактары.
Орусиянын «Ми-35» согуштук учактары.

Орусия өткөн айда америкалык аскерлер чыгарылып кеткен Сириянын түндүк-чыгыш аймагындагы Камышлы шаарында тик учак базасын түзөт. Коргоо министрлигинин "Звезда" телеканалы базага согуштук тик учактар конуп жатканын көрсөттү.

Алардын арасында "Ми-35" согуштук, "Ми-8" транпорттук жана башка тик учактар бар. АКШ президенти Дональд Трамп Сириянын түндүгүнөн америкалык аскерлерди шашылыш чыгарып кеткенден бир айдан кийин Камышлы шаарынын аба бекетине орусиялык тик учактар жайгашып отурат.

Орусия буга чейин Түркия менен Сириянын чек ара тилкесин кайтарып жаткан аскердик полицияны коргоп, колдош үчүн абадан көзөмөл жүргүзө баштаган.

Түркия менен Орусиянын аскерлери Сириянын түндүк-чыгышындагы чек ара аймагын 1-ноябрдан бери биргелешип кайтарып жатышат.

22-октябрда Сочиде түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен орус лидери Владимир Путин жолугуп, Сириядагы жортуулга байланыштуу меморандумга кол койгон. Анда күрд күчтөрү аймактан чыгып кеткен соң эки тарап жалпы күзөт жүргүзүү тууралуу макулдашкан болчу.

Тараптар 110 чакырымдан ашуун аймакка чогуу көз салышат.

XS
SM
MD
LG