Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

Парламент эмки жылдын бюджетин биринчи окууда кабыл алды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш 2020-жылдын бюджетин биринчи окууда кабыл алды. Ага депутаттардын 107си макул болсо, экөө каршы добуш беришти. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин парламент жыйынында айтканына караганда, 2020-жылга ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) реалдуу өсүш темпи 5% болот. Номиналдык көлөмү 667,1 млрд. сомду түзөт деп күтүлүүдө. Өкмөт эмки жылы инфляция 3,7% деңгээлден ашпай, бюджеттин киреше бөлүгү 163,7 млрд. сом болот деп болжолдоп жатат.

- 2019-жылга салыштырмалуу 8,4 млрд. сом өсүш болот, - деди премьер-министр. - Чыгаша – 173,7 млрд. сом. 2019-жылга салыштырмалуу 8,3 млрд. сомго көбөйөт. Бюджеттин тартыштыгы 9,9 млрд. сомду түзөт. Ал көрсөткүч ИДӨгө карата 1,5% түзөт. Тартыштыкты азайтуу саясаты күчөтүлөт. Өлкөнүн тышкы карызын азайтуу боюнча бюджеттик саясатты жүргүзүү улантылат. 2019-жылдагы ИДӨгө карата 46,5%дан 2020-жылы 43,5%га азайтылат. Тышкы карыз боюнча төлөмдөрдү социалдык жана экологиялык долбоорлорго алмашуу (конверсия) боюнча иштер күчөтүлөт.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2020-жылы реалдуу секторго 37,8 млрд. сом (21,8%, 2019-жылдын бюджетине карата 3,6 млрд. сомго көп), мамлекеттик кызмат секторуна 45,5 млрд. сом (26,2%, 2019-жылга салыштырмалуу 4,5 млрд. сомго көп), социалдык секторго 90,4 млрд. сом (2019-жылга салыштырмалуу 9 млрд. сомго көп же 52,1%) бөлөт.

Мындан сырткары депутаттар 2019-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүүнү колдоду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG