Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Импичмент ишиндеги коомдук талкууда «маанилүү күбө» суралат


Чалгын комитетинин башчысы Адам Шифф.
Чалгын комитетинин башчысы Адам Шифф.

Америкалык конгрессмен, Өкүлдөр палатасынын Чалгын комитетинин башчысы Адам Шифф президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо ишине байланышкан иликтөөдө көрсөтмө алыш үчүн АКШнын Украинадагы элчилигинин кызматкери чакырылганын билдирди. Ал аны «маанилүү күбө» деп мүнөздөдү.

Трампка импичмент жарыялоо демилгесине байланыштуу ачык коомдук талкуу 13-ноябрда башталды. Анын биринчи күнүндө АКШнын Украинадагы элчиси Уильям Тейлор маанилүү бурулушка алып келчү билдирүү жасады. Ал Трампты Украинага байланыштуу кайсы бир маселеге караганда Байдендерге каршы иликтөө көбүрөөк кызыктырарын айтты.

Тейлор өзүнүн жардамчысы Трамптын АКШнын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондланд менен телефондук сүйлөшүүлөрүнүн бирине күбө болгонун билдирген.

- Президент Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин менин штабымдын мүчөсү элчи Сондланддан Трамптын Украина боюнча ою кандай экенин сураган. Сондланд Трампты Байденге байланыштуу иликтөө көбүрөөк кызыктырарын айтып жооп берген.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон сүйлөшүүсүнөн улам тутанган. Атайын кызматтагы булак анда Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантердин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган деп маалымат берген. Президент Трамп буга байланыштуу дооматтардын баарын четке кагып келет.

Жо Байден 2020-жылдагы шайлоодо демократтардын атынан Трампка атаандаш болору айтылып келет.

XS
SM
MD
LG