Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

Молдовада жаңы өкмөт кызматына киришти


Ион Кику.
Ион Кику.

Молдованын парламенти мурдагы финансы министри жана президенттин кеңешчиси Ион Кику баштаган жаңы өкмөттү бекитти. Жаңы министрлер кабинетин 101 депутаттын 62си колдоду.

Ион Кикунун талапкерлигин премьер-министрликке 13-ноябрда президент Игорь Додон сунуш кылган. Ал 47 жаштагы жаңы премьер-министрди «бир да саясий партияда жок технократ жана кесипкөй» деп баалады.

Жаңы өкмөттүн курамындагы министрлердин көбү - орусиячыл президент Игорь Додондун мурдагы жана азыркы кеңешчилери.

Молдовада парламент 12-ноябрда кызматына беш ай мурда гана киришкен Майя Санду баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган.

XS
SM
MD
LG