Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:43

Москва: Дайыны табылбай жаткан кыргызстандык ооруканада экени аныкталды


Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда дайыны табылбай жаткан кыргызстандык ооруканада экени аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганада, министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө 33 жаштагы кыргызстандык келин кайрылып, өткөн айдан бери күйөөсү машинеси менен жумушка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында ал адам оор жаракат менен ооруканада экени белгилүү болду. Аны 11-октябрда Москванын айланма жолунан таап, реанимацияга жеткиришкен.

Учурда кыргызстандык жаран кандайча ошондой окуяга кабылганы, машинеси каякта экени териштирилип жатат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда экенин билдирген. Бүгүнкү күнү орус жарандыгын алган 500 миңдей кыргызстандык бар. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG