Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:45

Соцфонддун бюджети боюнча коомдук талкуу өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде Социалдык фонддун, андан соң Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун келерки жылга карата бюджеттери боюнча коомдук талкуу болот.

Талкууну уюштурууга Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы жана Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык башкармалыгы көмөктөштү.

Жыйынга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү жамааттардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүгүнүн негизи камсыздандыруу төлөмдөрүнөн турат. Келерки жылы төлөмдөрдөн 35 миллиард 727 миллион сом түшөрү болжолдонууда. Быйылкы жылга караганда бул 2,5 миллиардга көбүрөөк.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна республикалык бюджеттен келерки жылы 9 миллиард 979 миллион сом, ал эми Социалдык фонддон 2 миллиард 570 миллион сом бөлүнгөнү жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG