Грузияда мөөнөтүнөн мурда пропорционалдык система боюнча парламенттик шайлоо өткөрүүнү жана азыркы өкмөттү кетирүүнү талап кылган нааразылык акциясы уланууда.
Митинг борбор шаар Тбилисиде кечээ парламентте 2020-жылда өтө турган шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүүчү мыйзам көпчүлүктүн колдоосуна ээ болбой калгандан кийин башталган.
Митингчилер парламент алдындагы аянтчага чатыр тигип, мөөнөтсүз акция өткөрөрүн билдиришкен. Полиция эч кимди кармап, күч колдонгон жок.
Депутаттарды шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылган миңдеген адамдар катышкан акциялар Тбилисиде быйыл жайында да өтүп, полиция менен кагылышуудан 240 адам түрдүү жараат алган. (RK)