Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Акыйкатчы Аскер кызматкерлеринин укугун коргоо кеңешин түздү


Иллюстарциялык сүрөт.
Иллюстарциялык сүрөт.

Акыйкатчы Токон Мамытов Аскер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин укугун коргоо кеңешин түздү. Негизинен укук тартибин коргоо тармагында иштеген ардагерлерден турган орган Акыйкатчыга кеңеш, маалымат берип турат.

Кеңештин курамына 22 адам кирди. Жаңы түзүлгөн коомдук түзүмдүн мүчөсү, «Жоокерлердин энелери» республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова:

- Коомдон жардам бере турган орган болот. Ар кандай окуялар болууда, ошолорду алдын алуу максатыбыз, - деп түшүндүрмө берди.

Жоокерлердин укуктарын сотто коргоп келе жаткан «Кылым шамы» уюмунун эсебинде 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны 60тан ашкан. Алардын кээ бири өз жанын өзү кыйганы да айтылган. Айрымдарынын ата-энелери аскер бөлүктөрү менен соттошуп келе жаткандары бар. (RK)

XS
SM
MD
LG