Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 9-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 02:12

Дин өкүлдөрү Бакуда аялдар менен балдардын укуктарын талкуулашты


Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев бүткүл дүйнөлүк дин өкүлдөрүнүн саммитине катышты. 14-ноябрь, 2019-жыл. Баку.

Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев 14-ноябрда Азербайжандын Баку шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк дин өкүлдөрүнүн саммитине катышты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Дин өкүлдөрүнүн экинчи саммити Азербайжан мамлекетинин президенти Илхам Алиевдин демилгеси менен өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 70тен ашуун мамлекетинин муфтийлери, дин кызматкерлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жалпысынан 500дөй конок чакырылган.

Иш-чаранын жүрүшүндү дин аралык кызматташтыкты мындан да жандантып, терроризм жана эсктремизм менен күрөшүү, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча маселелер каралып, саммиттин жыйынтыгында атайын декларация кабыл алынды.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG