Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевдин күч органдарына белек кылган эки жолтандабасы Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусундагы бөлүгүнө берилген. Бул тууралуу Эркин Мамбеталиев өзү билдирди.
Маалыматты Баткен чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын башчысы Замирбек Мийзаев ырастаганы менен толук маалымат берген жок.
Октябрь айында Интернеттеги социалдык түйүндөрдө жана айрым маалымат агенттиктеринин сайтында «Эркин Мамбеталиев күч органдарына автоунаа белек кылды» деген кабар тараган.
Бирок Ички иштер министрлиги Мамбеталиевден автоунаа албаганын жарыялаган.
Эркин Мамбеталиев 1990-жылдары Мамлекеттик күзөт кызматында иштеген. 2000-жылдардын башында Алмазбек Атамбаевдин жеке жан сакчысы болгон. 2008-жылы Жогорку сот анын үч адамдын өлүмүнө катышы бар деген негизде өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыраткан. 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Мамбеталиев түрмөдөн чыккан. (TSh)