Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

Иранда бензинге чектөө киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Иран бийлиги бензин сатып алууга чектөө киргизди жана күйүүчү майдын баасын көтөрдү. 14-ноябрда Улуттук мунай сатуу компаниясы бир менчик машинеге айына 60 литр гана бензин сатыларын, бир литри мурдагыдан дээрлик 4 центке кымбат болорун билдирди.

Такси жана «Тез жардам» машинелерине айына 500 литр куюуга уруксат берилет. Андан ары бензиндин баасын дагы көтөрүү пландалууда.

Иран - күйүүчү май эң арзан өлкөлөрдүн бири. Өкмөт бул тармакка көп субсидия жумшайт. Энергия запастары көп болгону менен, Ислам Республикасында кара майды иштетүүчү заводдор тартыш. Эл аралык санкциялардан улам ишканаларды оңдоп-түзөө мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. 2007-жылы бензинге чектөө киргизилгенде эл арасында катуу нааразылык пайда болгон. Ал чаралар 2015-жылы алынган.

XS
SM
MD
LG