Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 14-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 04:03

Кыргызстанда миңге жакын адам жарандыктан чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппараты маалымдады.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 976 адам кабыл алынды. Анын ичинен 155и балдар. Кыргызстандын жарандыгын алгандардын көпчүлүгү башка өлкөдөн көчүп келген кыргыздар.

Дагы бир жарлыкка ылайык, 929 адам (анын ичинен 722 - чоң адамдар жана 207 - балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG