Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Германия Азербайжандын 61 жаранын депортациялады


Баку аэропорту.
Баку аэропорту.

Германия Азербайжандын ондогон жарандарын мекенине кайтарды. Азербайжандын Улуттук миграция кызматы жума күнү кабарлагандай, Азербайжан менен Европа биримдиги ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында 61 киши алдынкы күнү чартердик рейс менен Бакуга жеткирилип келди. Мекеме Германиядан депортациялангандардын 22си эркектер, 18и аялдар жана 21и балдар экенин маалымдады.

Германиялык “Шпигель” журналы 13-ноябрда полиция жүргүзгөн рейдде өлкөгө мыйзамсыз жолдор менен келген деп шектелген бир топ азербайжандык жаран кармалганын жазган.

Ошол эле күнү немис полициясы Дюсселдорфто жайгашкан интеграциялык борбордун жетекчиси Аловсат Алиевди кармап кеткен. Анын уулу Түркел Рустамханлы атасы Дюсселдорфтон Берлинге бараткан жеринен кармалганын “Эркин Ервопа/Азаттык” радиосуна айтып берди. Бирок эмне себептен улам экенинен кабары жоктугун кошумчалады. Алиевдин борбору азербайжандык үй-бүлөлөргө Германияда коомго аралашууга жардам берет.

XS
SM
MD
LG