Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Венецияда өзгөчө кырдаал киргизилди


Венеция, 13-ноябрь, 2019-жыл.
Венеция, 13-ноябрь, 2019-жыл.

Италиянын премьер-министр Жузеппе Конте бейшембиде Венецияда өзгөчө кырдаал жарыялады. Өкмөт башчынын айтымында, суу ташкындан жабыркаган шаарга 22 миллион доллардай каражат бөлүндү. Венеция аймагынын 85 пайызын аптанын башында суу каптаган.

Айрым жерлерде суунун деңгээли бир метр, 87 сантиметрге чейин жеткен. Мындай ташкындап көтөрүлгөн суу 1966-жылдан бери боло элек болчу.

Табият кырсыгы эки адамдын өмүрүн алганы кабарланды. Тарыхый имараттар, байыркы чиркөөлөр жабыркады.

Шаардык мектептерде окуу токтотулду. Суунун деңгээли алдыдагы дем алыш күндөрү тартылат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG