Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 15-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 01:41

Бишкекте жаш ойлоп табуучу, инженерлер таймашты


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Америка борборунда “Мэйкэр Спэйс” лабораториясынын жана илимий жарманкенин ачылышы болуп өттү. Аны АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана К. Баялинов атындагы балдар жана жаштар китепканасы биргеликте уюштурду.

Лабораторияны ачуу Улуттук илимий-техникалык фестивалдын финалына арналды. Бул фестиваль сентябрь айынан тарта өлкөнүн бардык аймагында жайгашкан Америка борборлорунда өткөрүлгөн. 15-ноябрда ар бир облустан тандалып алынган үч жаш ойлоп табуучу беттешти. Катышуучулардын эмгектери төрт номинацияда бааланып, эң мыкты технологиялык жетишкендик наамына Караколдон келген бала татыктуу болду. Ал өз алдынча 2D принтерин ойлоп тапкан. Нарындан келген ойлоп табуучу кыз йоддолгон курут азыгын сунуштап, маданий балуулуктар наамына татыды.

“Мэйкэр Спэйс” лабораториясы кыргызстандык жаштарды так илимдерге жана инженердик карьераны тандоого болгон кызыгуусун арттырат. Кыргызстандагы АКШ элчилигинин Китептерди которуу программасы тарабынан кыргызчаланган илим жана техника темасындагы китептерди окуулар дагы уюштурулду. Жергиликтүү басмаканалар тармагын колдоо максатында 50 чыгарма кыргыз тилине которулуп, 123 250дөн ашуун экземпляр басып чыгарылган.

“Мэйкэр Спэйс” кыймылы 2005-жылы АКШнын Калифорния штатында башталган. Мэйкэр Спэйс – бул окуп үйрөнүү максатында чогулган аудиторияга илим жана техника тууралуу тажрыйбаларды жана идеяларды алмашууга ыңгайлаштырылган долбоор. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG