Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

Sever.Realii сайты «чет элдик агенттер» тизмесине киргизилди


Орусиянын Юстиция министрлиги «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматынын Sever.Realii сайтын «чет элдик агенттин функциясын аткарган чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын» тизмесине киргизди.

Министрликтин сайтында жума күнү жарык көргөн маалыматка ылайык, мындай чечим парламенттин комитети «өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүгө жол берилүүдө» деген бүтүм чыгаргандан кийин кабыл алынды. Быйыл сентябрда иштей баштаган сайт Орусиянын түндүк-батышындагы окуяларды чагылдырып жүргөн.

Чет өлкөлүк медианы «чет элдик агент» деп атоого жол ачкан мыйзамга президент Владимир Путин 2017-жылдын ноябрында кол койгон. Көп узабай, декабрда Юстиция министрлиги «Настоящее Время» телеканалын, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун бир катар долбоорлорун жана кызматтарын, ошондой эле «Америка добушу» радиосун жогоруда сөз болгон тизмеге кошкон.

Орус бийлигинин ырастоосунда, бул мыйзам АКШнын орусиялык RT телеканалы чет өлкөлүк агент катары каттоодон өтсүн деген талабына жооп кадам болгон. Вашингтон болсо аты аталган телеканал пропаганданы жайылтууда деп айыптоодо.

АКШнын расмий өкүлдөрү болсо америкалык жана орусиялык мыйзамдар маани-маңызы жагынан айырмаланарын, Москва «чет элдик агент» тууралуу жобону башкача көз караштагылардын үнүн басуу, ой-пикирлер менен эркин алмашууну чектөө үчүн пайдаланып жатканын белгилешет.

XS
SM
MD
LG