Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:18

Бишкектеги №3 мектепте жылуулук жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мындан улам мектепте балдар тышкы кийимин чечпей окууга аргасыз болуп жатканын ата-энелер "Азаттыкка" билдиришкен.

Бишкек шаардык мэриясы берген жоопко караганда, №3 орто мектепке жылуулук берүү учурунда түтүктөр жарылып кеткен. Учурда билим берүү башкармалыгы тарабынан акт түзүлдү, жакын арада Бишкек шаардык курулуш башкармалыгы оңдоо иштерине тендер жарыялайт деп айтылат маалыматта.

Балдар суук класстарда окуусун улантары же улантпасы тууралуу маалымат берилген эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG