Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Кабулга жакын жерде эки прокурорго кол салышты


Ооганстан коопсуздук кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстан коопсуздук кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооган прокурорлор 16-ноябрда Баграм аэродромуна бараткан жерде белгисиз бирөө аткылаган.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Жамшид Расулинин маалыматы боюнча, экөө тең жараат алган. Расулинин айтуусунда, прокурорлор Анас Хаккани баш болгон талибдердин төбөлдөрү кармалып турган түрмөгө бараткан. Анас Хаккани согушкерлердин лидери Сиражиддин Хакканинин бир тууганы.

Анас Хаккани дагы эки талиб менен кошо 15-ноябрда туткундагы АКШ жана Австралия жарандарына алмаштырылууга тийиш болчу. Бирок талибдер булар АКШ менен белгиленген жерге келбегенин маалымдашкан.

Талибдер АКШ университетинин профессору Кевин Кинг менен австралиялык жаран Тимоти Уиксти 2016-жылы августта барымтага алган.

Reuters ооган аткаминеринин сөзүнө таянып билдиргени боюнча, туткундарды алмашуу себепсиз токтогон.

«Талибан» кыймылы чет элдик жарандар менен алмашыла турган мүчөлөрү Катарга жеткирилүүгө тийиш болсо да, Кабулдан чыкпай эле Баграмдагы түрмөгө кайтарылганын маалымдашкан.

XS
SM
MD
LG