Кыргызстанда 17-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;
Талас дубанында түнкүсүн -2…-7, күндүз 7…12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 4…9 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында 17-ноябрда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 8…10 градус жылыйт.