Күйүүчү майдын баасын көтөрүү жана бензин сатууга чектөө киргизүү тууралуу өкмөт чечимине каршы болуп, акцияга чыккандардын бири өлгөн, дагы бир нече адам жараат алган.
Сиржан аймагынын губернатору ал адам белгисиз кырдаалда киши колдуу болгонун маалымдады. Айрым расмий маалыматтарда демонстранттар Сиржанда мунай заводун өрттөөгө аракет кылып, бирок коопсуздук кызматкерлери тарабынан ага жол берилбегени айтылган.
Күйүүчү майдын баасын кескин кымбаттаткан жана бензин сатууга квота киргизген өкмөттүн чечиминен кийин Ирандын Сиржан, Мешхед, Ахваз, Бандар-Аббас, Шира жана башка шаарларында нааразылык акциялары өттү.
АКШнын санкцияларын катаалдашкандан кийин Ирандын экономикасы артка кетип жатканына байланыштуу, өкмөт мунайдын баасын көтөрүү жана бензин сатууну чектөөнү чечкен. Мындай нааразылыктар февраль айына белгиленген президенттик шайлоонун алдында президент Хасан Роуханиге басымдын күчөшүнө алып келүүсү ыктымалдыгы айтылууда.