Өлкө борбору Минскиде "Европалык Беларус" жарандык өнөктүгүнүн жана "Народная грамада" саясий партиясынын мүчөлөрү 16-ноябрь күнү кечинде Эркиндик аянтында митингге чогулушту. Андан кийин митингчилер БШК тарапка жөө басып барышты.
Жүрүш учурунда аларга белгисиз бирөөлөр кол салып, митингчилердин колундагы ураандарын жана техникаларын жулуп алышкан. Кол салгандар журналисттердин аппаратураларын да тартып алышкан.
БШКнын алдына нааразылыкка чыккандар өздөрүнүн талапкер катары берилген күбөлүктөрүн өрттөп, муну шайлоонун таза өтөрүнө ишенич жоктугу менен түшүндүрүштү.
"Вясна" укук коргоо кыймылынын маалыматына караганда, акцияга 100гө чукул адам катышты.
17-ноябрда Беларуста парламенттик шайлоо өтүп жатат. Парламенттеги Улуттук жыйын палатасындагы 110 орунга 500дөн ашуун талапкер ат салышууда.