Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан эки күндүк жумуш сапары менен Кыргызстанга келди.
Европа кеңешинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, ал 19-ноябрда Бишкекте өтчү «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» деген форумга катышат.
Петер Буриан иш сапарынын алкагында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери жана президенттик аппараттын өкүлдөрү менен жолугат. Анда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтыгы жана Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча комиссары Федерика Могерининин быйыл Кыргызстанда болгон сапарынын алкагында аткарылган иштер талкууланат.
Петер Буриан андан тышкары жарандык коом өкүлдөрү менен да жолугушмакчы. (BTo)