Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Кабул: аскердик жайдагы кош жардырууда 18 жоокер жарадар болду


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Ооганстандын борбору Кабулда 18-ноябрда таң эрте аскердик окуу борборунун жанында кош жардыруу болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахими билдирди. Улуттук армиянын 18 жоокерин жарадар кылган бул кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз. Окуя болгон жерге «Тез жардам» кызматы жана куткаруучулар барды.

Кабулдагы 13-ноябрда эртең менен көчөдө эл көп жүргөн маалда жанкечтинин кол салуусунан 12 адам, анын ичинде мектепке бараткан бир канча бала өлгөн.

Мунун алдында ооган бийлиги «Талибан» кыймылын туткундарды алмашуу жараянын үзгүлтүккө учуратканы үчүн айыптаган. Аталган топ болсо Кабулдун өзүн «сөзүнө турган жок» деп күнөөлөгөн.

Ооган президенти Ашраф Гани 12-ноябрда «Талибан» менен туткундарды алмашууга даяр экенин жарыялаган. Ага ылайык, Кабул бул кыймылдын таасирлүү үч мүчөсүн - «Хаккани» түйүнүнүн лидеринин иниси Анас Хакканини, Хафиз Рашид Омарини жана Ажы Милли Ханды бошотмок. «Талибан» болсо мындан үч жыл мурда уурдап кеткен Кабулдагы Америка университетинин эки профессорун - 68 жаштагы америкалык Кевин Кинг менен 48 жаштагы австралиялык Тимоти Викскти өткөрүп бермек.

Туткундарды алмашуу «Талибан» менен Кабулдун тынчтык сүйлөшүүсүн баштоого өбөлгө болушу ыктымал экендиги айтылып жаткан. Бул согушкер топ ушул кезге чейин ооган өкмөтүн «Американын тактекеси» деп атап, алар менен бетме-бет сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартып келет.

XS
SM
MD
LG