Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:04

Чукул билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 20-ноябрдан 24-ноябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөрүн эскертти. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, райондордо кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 20-21-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

21-27-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2…-7°, Ош, Жалал-Абад, Баткен өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5°, тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -4…-9°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -5…-10°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -10…-15° суук болушу мүмкүн.

Андыктан тоолуу автоунаа жолу мененен каттоонуу пландап жаткан айдоочуларга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги :

- Гидрометереология агенттигинин аба ырайы жөнүндө маалыматын эске алууну;

- тоолуу автоунаа жолдору аркылуу айдап жатканда автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону;

- машинелерди кышкы даярдыкка өткөрүүнү (дөңгөлөктөрдү кышкы шинага алмаштыруу ж.б.у.с.);

- аптечка, чынжырча, күрөк алып жүрүүнү сунуш кылат.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал багууну кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көзгө уруна турган аралык азайып, автоунаалардын кыймылын татаалдаштырат. Электр зымдарга суу кар жабышып үзүлүү коркунучун алып келет.

Ал эми 19-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;

Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 4…9;

Бийик тоолуу райондордо -14…-19, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте 19-ноябрда жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 9…11° болот.

XS
SM
MD
LG