Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Элистада эл Трапезниковдун мэрликтен кетишин талап кылды


Элиста шаарында азыркы мэрдин кызматтан кетишин талап кылган митингдер токтой элек.
Элиста шаарында азыркы мэрдин кызматтан кетишин талап кылган митингдер токтой элек.

Орусияга караштуу Калмыкия Республикасынын борбору Элиста шаарында 17-ноябрда өздөрүн «Донецк элдик республикасы» деп атап алган аймактын мурдагы башчысы Дмитрий Трапезниковдун мэрлик кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциясы өттү. Митингге эки миңдей киши катышканы кабарланды.

Нааразылык акциясын уюштургандардын бири Бадма Бюрчева митинг тууралуу бийлик менен макулдашылганы менен аларга транспаранттарды көтөргөнгө уруксат берилбегенин айтты. Митингде Трапезниковдун кызматтан кетишинен сырткары, мындан ары шаар мэрин түз шайлоо тууралуу талап да айтылды.

Бадма Бюрчева Элистанын тургундары буга чейин эч ким тааныбаган, чоочун Трапезниковдун шаар башчысы болгонуна, анын буга чейинки таржымалы «таза эмес» экенине нааразы болуп жатканын айтты.

Дмитрий Трапезников Элистанын мэри болуп быйыл 26-сентябрда дайындалган.

Былтыр «Донецк элдик республикасынын» ошол кездеги башчысы киши колдуу болгондо, анын милдетин кыска убакытка аткарган.

Мэрлик кызматка анын талапкерлигин парламентке Калмыкиянын жетекчиси Бату Хасиков көрсөткөн. Ал «Трапезникав Донбасста болуп көрбөгөндөй тажрыйба топтоду» деп айткан жана «кыйын кырдаал-кыйчалыштан чыгып кете алган жетекчи» катары сүрөттөгөн.

Трапезников мэр болгондон бери шаарда анын кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары токтобой жатат.

XS
SM
MD
LG