Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Беларус парламентинен оппозицияга мандат буюрбай калды


Беларус парламентинин төмөнкү палатасынын буга чейинки чакырылышында оппозициянын эки өкүлү бар болчу.
Беларус парламентинин төмөнкү палатасынын буга чейинки чакырылышында оппозициянын эки өкүлү бар болчу.

Беларуста 17-ноябрда өткөн шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча парламенттин төмөнкү палатасына оппозициянын бир дагы өкүлү өткөн жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала тараткан маалыматына ылайык, Улуттук жыйындын Өкүлдөр палатасына "Беларус патриоттук партиясы", "Эмгек жана акыйкат" республикалык партиясы, "Либерал-демократтар" партиясы, "Беларус агрардык партиясы", коммунисттер жана "Белая Русь" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү өттү. Алардын баары коомчулукка буга чейин бийликтин саясатын колдоп келгени менен белгилүү. Мандат алып, депутат болот дегендердин арасында былтыр өткөн өлкөнүн сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Мария Василевич да бар.

Беларус парламентинин төмөнкү палатасынын буга чейинки чакырылышында оппозициянын эки өкүлү бар болчу. Бул ирет бийлик "мен оппозициянын өкүлүмүн" деген дээрлик бардык талапкерлерди каттоо жана шайлоого үгүттөө маалында ар кандай себептер менен жарыштан четтетип койгон.

Төмөнкү палатада 110 орун бар, ага 500дөн ашык талапкер ат салышты. БШК шайлоочулардын 77 пайыздан ашыгы добуш бергенин билдирди. Шайлоого бир миңдей эл аралык байкоочу көз салды.

Европа Биримдиги бир канча жылдан бери "таза эмес өтөт, мыйзам бузуу менен коштолот", деген жүйө менен Беларустагы шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тартып келет. Өлкөнү 25 жылдан бери башкарып жаткан президент Александр Лукашенко болсо андай дооматтарды негизсиз деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG