Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Президент Жээнбеков өнөктөш донорлор менен жолугат


Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 1-ноябрында да донорлор менен жолуккан.
Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 1-ноябрында да донорлор менен жолуккан.

19-ноябрда Бишкекте «Туруктуу өнүгүш үчүн реформаларды тездетүү» деген темада донордук конференция өтөт. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышарын өлкө башчынын аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланчу форумга эл аралык 25 уюмдан жана 10 өлкөдөн өнүктүрүү жаатында кызматташкан өнөктөштөр чакырылган.

Президент ушуну менен донорлор менен экинчи жолу жолукканы турат. 2018-жылдын 1-ноябрында бийлик бутактарынын башчылары катышкан конференция болуп, ага элчилер жана эл аралык уюмдардын 50дөн ашык өкүлү катышкан.

Данияр Иманалиев Кыргызстан эгемендик алгандан бери өнүктүрүү жаатында кызматташкан өнөктөштөр экономика, транспорт, энергетика, суу менен камсыз кылуу, ирригация, саламаттык сактоо, билим берүү, экология жана айлана-чөйрө тармактарын өнүктүрүүгө 10,5 млрд. доллар каражат бөлгөнүн айтты.

Ошондой эле президент учурда Евразия өнүктүрүү банкынан 200 млн. доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи. Андан тышкары Дүйнөлүк банк тарабынан аймактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду даярдоо иши башталганын, алгач 60 млн. долларга Ош облусунда агроөнөр жай комплексин жана аймактын туруктуу туризмин өнүктүрүүчү долбоорлор ишке ашырыларын билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG