Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

ЕККУ: Беларуста негизги эркиндик эске алынбайт


Добуштарды саноо учуру. Минск. 17-ноябрь, 2019-жыл.
Добуштарды саноо учуру. Минск. 17-ноябрь, 2019-жыл.

ЕККУнун байкоочулары Беларуста мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодон кийин ушундай билдирүү таратышты. Анда бир да оппозициячыл талапкер жеңишке ээ болгон эмес. «Саясий партияларды каттоодогу, эркин жыйын өткөрүүгө тоскоолдуктар» уюму чукул сурамжылоолорду жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилбегенин маалымдады.

- Бул шайлоо демократиялык милдеттенмелер сыйланбай турганын көрсөттү. Парламенттин укуктары чектелүү өлкөдө парламенттик шайлоо шайлоочулар үчүн да, талапкерлер үчүн да жөн гана формалдуу, кожо көрсүн деген сыяктуу иш, - деди ЕККУнун байкоочулар миссиясынын жетекчиси Маргарета Седерфелт.

Хелсинки комитетинин жана жергиликтүү «Вясна» кыймылынын активисттери Беларуста 17-ноябрда өткөн парламенттик шайлоо басым, кысым жана коркутуу менен өткөнүн кабарлашкан. Александр Лукашенко бийлик башында турган 24 жылдан бери өлкөдө бир да жолу шайлоо процесстери акыйкат өткөнү эл аралык уюмдар тарабынан айтылган эмес.

Беларуста 17-ноябрда өткөн шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча парламенттин төмөнкү палатасына оппозициянын бир да өкүлү өткөн жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын-ала тараткан маалыматына ылайык, Улуттук жыйындын Өкүлдөр палатасына «Беларус мекенчилдик партиясы», «Эмгек жана акыйкат» республикалык партиясы, «Либерал-демократтар» партиясы, «Беларус агрардык партиясы», коммунисттер жана «Белая Русь» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү өттү. Алардын баары коомчулукка буга чейин бийликтин саясатын колдоп келгени менен белгилүү.

Төмөнкү палатада 110 орун бар, ага 500дөн ашык талапкер ат салышты.

XS
SM
MD
LG